5-июлга карата Кыргызстандын аймагында дагы 1437 адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында – 924 адам;
— Чүй облусунда – 142 адам;
— Баткен облусунда – 87 адам;
— Ош облусунда – 85 адам;
— Жалал-Абад облусунда – 78 адам;
— Ош шаарында – 71 адам;
— Ысык-Көл облусунда – 33 адам;
— Талас облусунда – 10 адам;
— Нарын облусунда – 7 адам.
Кыргызстанда жалпы 132 070 адам коронавирус илдетин жуктурду.