• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө 15ге чукул аял өздөрүн өрттөйбүз деп жатат (видео)

15 Чын куран 202110:09 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын айыл өкмөтүнүн имаратында 15ге жакын аял өздөрүн өрттөйбүз деп жатышат. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган аялдар айыл өкмөтүнүн имаратынын ичин басып алышкан. Ичинде бөтөлкөгө куюлган бензиндерди даярдашкан.

Алар насыя төлөй албаганы үчүн ушундай кадамдарга барууну чечишкен.

Количество просмотров: 4740