• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бычакталган келиндин азыркы абалы айтылды

21 Аяк оона 2023 9:53 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо минстрлиги күйөсүнүн зомбулугуна кабылып, ооруканага бети кесилген жараат менен түшкөн бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, жабыркаган келин 21-сентябрында эртең менен Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика борборунан Улуттук госпиталга которулган.

«Бейтаптын операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Жалпысынан операция сегиз саатка жакын созулду. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, соцтармакта маалымат тарап, анда күйөсү аялынын бети башын кескилеп, таң атканча кыйнаганы маалымдалган.

Көп өтпөй Чүй облустук милициясы маалымат таратып, Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалганын маалымдаган. Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 1167