• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйда баңгизат сатууга шектелген 3 жаран кармалды

29 Аяк оона 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда баңгизат сатууга шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык жана Чүй облустук Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыктарына ири өлчөмдө баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен узак убакыттан бери алектенип келген баңги тобу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде («Сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо») каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда Аламүдүн районунун аймагында убактылуу жашаган “Ака” каймана аттуу белгисиз адамдан гашиш сатып алып, өзүнүн тааныштарына кайра сатып жүргөн “Шах” аттуу аталган баңги тобунун мүчөсү аныкталды.

“Ака” каймана ат менен баңгизат сатуучуну изин суутпай аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чарасы уюштурулуп, натыйжада 20-сентябрда Лебединовка айылындагы Маданият үйүнүн жанынан Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1968-жылы туулган И.Ю., 1957-жылы туулган С.Б. жана 1955-жылы туулган Б. Ж. аттуу жарандар кармалган.

Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда бирөөсүнүн шымынын оң чөнтөгүнөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар, өсүмдүк тектүү кара күрөң кесек зат салынган беш ширеңке кутуча табылып, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 83,18 граммды түзгөн.

Экинчи шектүү жарандан ширеңке кутучасы алынып, ичинен кара күрөң түстөгү, өсүмдүк тектүү, кара куурайдын өзгөчө жыты бар кесек сымал зат табылган, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 19,02 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, 1955-жылы туулган үчүнчү шектүү Б.Ж. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда муздаткычтан болжол менен беш литрлик көлөмдүү кара куурайдын өзгөчө жыты, тик бурчтуу формадагы 476 даана кара-күрөң кесек зат табылып алынган, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 3 кг 277 гр түзгөн.

Кармалгандар Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда андан аркы тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 73