15-апрелде күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус болот.