• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

15-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

13 Теке 202512:31 Бишкек Govori.TV

15-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин

  • Фрунзе көчөсү — Жибек жолу проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Ибраимов көчөсү;
  • Фрунзе көчөсү — Жумабек көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Ибраимов көчөсү менен чектелген аймактарда суу болбойт.

Суу Кировская скважинасындагы аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 142