• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

15-июлда күтүлгөн аба ырайы

14 Теке 202117:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 450