• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

15-июнга карата аба ырайы

14 Кулжа 2021 15:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-15-июнь күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. 15-июнда күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.

Количество просмотров: 249