Бишкекте TED Talk #2 иш-чарасы өтүп, анда 650дөн ашык катышуучу менен курулуш тармагындагы эксперттер шаарды өнүктүрүү темасын талуулашты.
“15 мүнөттүк шаар — кыял сиз ойлогондон да жакынбы?” деген негизги теманын алкагында сөз болгон бул иш-чара өлкөдөгү кыймылсыз мүлк агенттиктерин, инвесторлорду, RCA Living компаниясынын кардарларын, өнөктөштөрүн бириктирди. Алар шаарды туруктуу өнүктүрүү жана долбоорлоо, пландаштыруу боюнча өз көз караштарын талкуу кылышты.


“15 мүнөттүк шаар” модели – бул жөн гана заманбап шаар куруу теориясы эмес, Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жана адам жашоосундагы негизги баалуулук болгон убакытты туура жана үнөмдүү пайдаланууга багытталган долбоор десек болот. Жашоонун сапаты пландаштыруунун борборунда болгондо, ыңгайлуулуктарды интеграциялоо, жашыл аймактар, транспорттук байланыш жана маданий өзгөчөлүктү сактоо сыяктуу артыкчылыктар биринчи планга чыгат. Бул жашоо үчүн чындап ыңгайлуу шаарды түзүүчү мамиле, ал жерде адамдар бардык чечимдердин жана стратегиялардын башталышы болуп калат.
Royal Central Park долбоору — заманбап пландаштырууну, алдыңкы технологияларды жана реалдуу турмуштук тажрыйбаны айкалыштырган жаңы муундун масштабдуу көп функционалдуу комплекси дал ушу убакытты үнөмдөө менен шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө урбанист Атай Самыйбек дүйнөнүн ар кыл мегаполистеринде “15 мүнөттүк шаар” моделин ишке ашыруунун ийгилигин көрсөткөн ынанымдуу цифраларды тартуулады. Анын айтымында, Парижде ушундай шаар мейкиндигин жаңы уюштуруунун аркасында элдин орточо убактысы 40% га кыскарган. Мельбурн шаарында бардык негизги ыңгайлуулуктар 20 мүнөттүн ичинде жеткиликтүү болгондон кийин тургундардын канааттануу деңгээли 91% га жеткен. Сеулда калктын 80% дан ашыгы эффективдүү метро тармагынын аркасында негизги кызматтарга дайыма жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. McKinsey изилдөөсүнө ылайык (2023-жыл), 15 мүнөттүк шаар модели ар бир жашоочуга жылына орточо эсеп менен 1000ден 1400 саатка чейин убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, бул дээрлик эки айлык жумуш убактысына барабар.

«15 мүнөттүк шаар — бул кичинекей шаар эмес, акылдуу шаар, анда адам өзүнө керектүү нерселерге ээ болуу үчүн узак жолду басып өтүүнүн кереги жок», — дейт ал.
Ошондой эле ал, калктын орточо санын, шаарды өнүктүрүү үчүн олуттуу резервдердин бар экендигин жана сапаттуу шаар чөйрөсүнө болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгын эске алуу менен Бишкек шаарында 15 мүнөттүк шаар концепциясын ишке ашыруунун региондук модели болуу үчүн бардык шарттар бар экенин белгиледи.
“15 мүнөттүк шаар” Кыргызстандагы шаар куруунун стратегиялык багытына айланып бара жатат. Ушундай концепцияны ишке ашыруу үчүн комплекстүү, толук кандуу шаар мейкиндигин түзүүгө жөндөмдүү алдыңкы долбоорлор керек. Мындай концепцияны ишке ашыруунун мисалдарынын бири болуп Royal Central Park долбоору — заманбап пландаштырууну, алдыңкы технологияларды жана реалдуу турмуштук тажрыйбаны айкалыштырган жаңы муундагы масштабдуу көп функционалдуу комплекс болуп саналат.
RCA өкүлү Ву Тхань Конгдун айтымында, Royal Central Park долбоору Бишкек шаарынын жашоо сапатына жана шаардык инфраструктурасынын структурасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жөндөмдүү.

Ал белгилегендей, аталган шаарчада 60 миңдей адамдын жашап, иштеп жана окуй алат. Мындан улам, Бишкектин борборуна кирүүчү жеке унаалардын саны күнүнө 30% га чейин кыскарышы мүмкүн. Шаар тургундарынын орточо жол жүрүү убактысы күнүнө 15-20 мүнөткө чейин кыскармак. Бул жол тыгынын азайтууга, абанын сапатын жакшыртууга жардам берет жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, калктын физикалык жана психоэмоционалдык ден соолугун чыңдоодо пайда алып келет.
Бул жерде курулуучу шаарчадагы аянттын 71,4%ы жашыл мейкиндиктерге, суу объектилерине жана көрктөндүрүү системасы менен Royal Central Park жөө адамдар жүрүүчү көчөлөрдөн, парктардан жана көл жээгиндеги кафелерден баштап «социалдык байланыш түйүндөрүнүн» табигый тармагы катары иштерине шарт түзүлө турганы кошумчаланды.




Бишкек — “15 мүнөттүк шаар” моделин ишке ашырган Борбор Азиядагы биринчи шаар болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул компакттуу масштаб, жандуу коомчулук жана Royal Central Park сыяктуу жаңы муундагы флагмандык долбоорлор аркылуу ишке ашат.
“15 минуттук шаар” TED Talk №3 август айына да пландаштырылды.