Эртең, 15-майда күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Бишкекте түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градус болот.