Эртең, 15-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +26 … +31;
Талас облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +23 … +28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11 … +16, күндүз +29 … +34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +22 … +27;
Нарын облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +21 … +26 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн +13 … +15, күндүз +28… +30 градус ысык болот.