• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

15 жана 11 сом. Шаардык кеңеш жол кирени көтөрүү маселесин кароодо

16 Аяк оона 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы муниципалдык жана коммерциялык жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Вице-мэр Русланбек Акылбековдун депутаттарга берген маалыматына караганда, кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго көтөрүү сунушталды.

Бирок айрым депутаттар жол кирени 50% көтөрүү жүргүнчүлөр үчүн оор болорун белгилеп, бир нече баскыч менен кымбаттатууну сунуштады. Вице-мэр жол кирени 50% көтөрүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

«Аргасыздан барып жатабыз. Мындай кылбасак автопаркты талкалап алабыз. Ансыз деле азыр чыгашага иштеп жатышат. Жол киренин аздыгынан кичи автобустар эле эмес, айрым жеке менчик ишканалардын автобустары каттамга чыкпай коюшту»,- деди Акылбеков.

Количество просмотров: 521