• Ишенби 16 Тогуздун айы 2021

15 жыл абакта отуруп чыккан акын ооруканага жаткырылды

6 октября 2021 в 9:53 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 15 жыл абакта отургандан кийин өткөн жумада эркиндикке чыккан диссидент-акын Арон Атабек Алматыдагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жакындары жана жергиликтүү активисттер билдиришти.

Активист Айсулу Абубакирова акыркы күндөрү Атабектин жөтөлү күчөп, жакындары тез жардам кызматын чакырышканын билдирди. Дарыгерлер анын сатурация деңгээлин өлчөгөндөн кийин ооруканага алып кетишкен.

Акындын кичүү кызы Разия Нутушева атасынын «алы кетип жатканын», өпкөсүнө суу толуп калган болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер Атабектин абалын оор деп баалап, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырышты.

1-октябрда Павлодар шаардык соту Арон Атабектин ден соолугуна байланыштуу анын өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган. Акын ошол эле күнү кечинде жүргүнчү ташыган учак менен Алматыга жеткирилген.

Арон Атабек 2006-жылы болгон Шанырак окуялары боюнча 18 жылга соттолгон. Быйыл февралда Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу резолюция кабыл алып, Нур-Султанды өлкөдөгү саясий туткундарды, анын ичинде Атабекти да бошотууга чакырган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.

Количество просмотров: 10424