Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы К.М. 1500 доллар алып жаткан учурунда кармалган. Бул туурасында Govori.TV агенттигине УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Маалым болгондой, 29-апрелде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы К.М. 1500 доллар алып жаткан учурунда кармалган. К.М. Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүүчү документтердин жоктугун билип туруп, тургундарды коркутуу менен 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган. Анын эки миң долларын 2018-жылдын аягында алган.
Учурда материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.