• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

150дөн ашык жоокер аскердик ант берди

21 Бугу 20239:09 Бишкек Govori.TV

Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүндө жазгы чакырык менен келген жаш жоокерлер ант берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Кыргызстандын 150 ашуун жаш жарандары мекенине берилгендик убадасын беришти.

«Бир ай бою тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокер күчөтүлгөн программадан өтүштү. Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жана саптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышты», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара мекенди коргооп жатып курман болгондордун эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталып, жаш жоокерлер курал менен саптык ыкмаларын, кол кармаш урушун көрсөтүшүп, аскерлердин салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктаган.

Количество просмотров: 130