• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

24 Теке 202610:35 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Облус башчысы Нурбек Сатаровдун Жумгал районуна болгон иш сапарында Жумгал, Дыйкан жана Байзак айылдары аркылуу өткөн жол тилкесине жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалма жол тосмолорду орнотууну тапшырды.

Ошондой эле Сары-Булуң тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү постун коопсуз жерге көчүрүү маселеси көтөрүлдү.

Учурда Жумгал районунда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн 16 кызматкер иштеп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 13 кызматкер тартылары маалымдалды.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу жайкы мезгилде гана убактылуу пайдаланууга берилип, күн сайын саат 20:00дөн таңкы 06:00гө чейин көзөмөл посту иш алып барууда.

Количество просмотров: 10