Бүгүн, 9-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 151 киши COVID-19 илдетин жуктурду.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 74 адам;
— Ош шаарында 6 адам;
— Чүй облусунда 47 адам;
— Нарын облусунда 7 адам;
— Ысык-Көл облусунда 16 адам;
— Жалал-Абад облусунда 1 адам.
Кыргызстанда жалпы 89 811 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.
Ал эми бир сутка ичинде өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткандардын ичинен 112 бейтап айыгып чыкты.
-Бишкек шаары 60;
-Ош шаары 2;
-Чүй облусу 35;
-Нарын облусу 3;
-Ысык-Көл облусу 10;
-Жалал-Абад облусу 2.
Муну менен айыккандардын жалпы саны 85 миң 719 адамды түздү.