• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

152 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

5 Үчтүн айы 2022 12:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-январга карата коронавирус 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 112;

Ош шаарында – 10;

Чүй облусунда – 12;

Ош облусунда – 11;

Ысык-Көл облусунда – 3;

Жалал-Абад облусунда – 4.

Ал эми бир суткада 53 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 271 бейтап, амбулатордук түрдө 414 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 31 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 50 киши айыгып чыкса, 2 миң 809 адам каза болду.

Количество просмотров: 173