Эртең, 16-декабрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;
Талас облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13.
Бишкек түнкүсүн -11…-13, күндүз -6…-8 градус болот.