• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

16-июлда күтүлгөн аба ырайы

15 Теке 202118:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июлда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүз 27…29 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 188