• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

16-июнда күтүлгөн аба ырайы

15 Кулжа 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

Количество просмотров: 205