• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Карыянын 120 миң сомун уурдаган шектүүнү издөө иштери башталды 

17 Тогуздун айы 2022 9:02 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган шектүүлөрдү издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда карыянын акчасын уурдагандарды издеп, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом чогултуп беришкен.

Теги:
Количество просмотров: 598