• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

16-мартта күтүлгөн аба ырайы

15 Жалган куран 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

16-мартта өлкөнүн бардык аймактарында кар аралаш жамгыр жаайт. Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…3;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° болушу мүмкүн.

Количество просмотров: 1317