Милиция кыздын зордукталгандыгын, же эркине каршы күйөөгө берилгендигин аныктайт.
Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз эне болду. Милиция иликтөөгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Ош шаарынын ИИБ маалымат кызматы билдирди.
Укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, эгерде анын зордоп күйөөгө берилгендиги аныкталса, анын ата-энеси менен күйөөсү жоопко тартылат.
“Өспүрүм курактагы кыз Ош шаарынын төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарды, азыр ооруканадан чыкты. Текшерүү жүрүп жатат. Анын алданганын же зордукталгандыгын аныктоо зарыл. Эгерде аны күйөөгө беришкен болсо чара колдонот, анткени ал болгону 16 жашта”,-деп билдирген Ош шаарынын ИИБ маалымат кызматы.
Иликтөө иш чараларынын жыйынтыгында КР КК 132-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо зарыл.