• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 22 жаштагы келин үч эм төрөдү

5 Теке 20258:40 Бишкек Govori.TV

3-июлда Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 33 жумалыгында эрте толгоо коркунучу менен борборго келип түшкөн. Бул анын экинчи жолку кош бойлуулугу.

Кыздар 2370,0 г., 2080,0 г., 2100,0 грамм салмакта төрөлдү.

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу.

Количество просмотров: 125