• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«16 жолу бычак сайган». Аялын өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды

17 Теке 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-июлунда Улуттук Хирургия борборунан 1984-жылы туулган М. Г. аттуу аял бычактан жараат алып ооруканага түштү деген маалымат келип түшкөн.

«Кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К. аттуу жабырлануучунун жолдошу кармалып, Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берилди. Текшерүү учурунда ал аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктап берген»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 2302