• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

162 адамдан вирус табылып, 82 бейтап айыкты

2 Чын куран 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-апрелге карата коронавирус 162 адамдан табылып, 82 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 112;
  • Чүй облусу — 39;
  • Ысык-Көл — 7;
  • Ош шаары — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ош облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Өлкөдө жалпы 88 миң 700 киши коронавирус жуктуруп, анын ичинен дартты 84 979 бейтап жеңди.

Өткөн суткада вирустан каза тапкандар катталган жок.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары — 45;
  • Чүй облусу — 31;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Баткен облусу — 2;
  • Ош облусу — 1;

Учурда стационарда 564 бейтап жатат.

Количество просмотров: 124