• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

17-июлда күтүлгөн аба ырайы

16 Теке 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 296