Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бүгүн, 17-июндан тарта Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр башталат. Мындай чечим 16-июнда эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалы боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.
Мэриянын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, көңүл ачуучу жана эс алуучу жайлар саат 23:00 — 07:00 аралыгында жабык болушу керек.
Ошондой эле шаардык транспорт башкармалыгына коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталышын күчөтүү, текшерүүгө алуу тапшырылды.
Бүгүн, 17-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында жалпы 787 адам коронавирус менен катталды. Анын ичинен 368 бейтап Бишкек шаарында.