Өлкө боюнча бир суткада 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 2, Ысык-Көл облусунда 3 жана Баткен облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган»,-деди ал.
Ошол эле учурда 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 928 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 25 медкызматкер айыкты.