• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

17 жаштагы балага бычак уруп, андан соң унаасы менен тебелетип кеткен шектүү кармалды

14 Бугу 202516:06 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада 17 жаштагы өспүрүмгө бычак уруп, андан соң айдап жүргөн машинасы менен тебелетип кетти деп шектелген 18 жаштагы жаран кармалды.

Окуя түндө саат 3:00дөр чамасында Чекиш-Ата аймагында, тагыраагы, Курманжан датка көчөсүндө болгону айтылды.

«Кылмыш-жаза кодексинде каралган «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде иш козголгон. Жабырланган киши ооруканада. Милицияга айтыша кетип беркиси бычак урганын, андан соң Hyundai Sonata автоунаасына отуруп тебелеткендигин айткан. 18 жаштагы шектүү М.М. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди», — дешти милициядан.

Количество просмотров: 522