• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

17 жаштагы кыздын зордукталышы. “Алтын казына” билдирүү таратты

10 Баш оона 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги четиндеги «Алтын казына» рестораны аталган жайда официант болуп иштеген жашы жете элек кыздын зордукталышы тууралуу билдирүү таратты.

«6-августтан 7не караган түндөгү окуя кызматкерлердин жумуш убактысынан кийинки маалда болгон. Кызматкерлер жеке адамдар ижарага алган, кайтаруудагы жайга уруксатсыз киришкен. Кылмышкерлер кармалды. Алар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жаза алышат. Биз тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Сиздер сыяктуу эле биз дагы адилеттүүлүк тарапта экенибизди билдиребиз», -деп жазылат билдирүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «Алтын казынадагы» зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.

Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого «Алтын казына» тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып зордукташканы айтылган.

Количество просмотров: 7114