• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

17 жаштагы кызга кол салган киши 10 жылга соттолду

9 Баш оона 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

8-августта Ташкенттин Мирабад райондук соту апрель айында окуучу кызга кол салган адамга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Самарканддын 26 жаштагы тургуну айыпталган иш боюнча сот отурумдары жабык өттү.

Соцтармактарда эркек киши мектептен кайтып келе жаткан кыздын артынан чуркап жетип, анын оозун колу менен жаап, жерге жыгып салганы тартылган видео тараган. Бул көрүнүштөн кийин шектүү качып кеткен. Окуя 19-апрелде болуп, үч күндөн кийин ал камакка алынган. Кол салган жигит жумушсуз, мурда соттолбогон Самарканд шаарынын тургуну экени аныкталган.

Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучу «18 жашка чыга элек адамды зордуктоого аракет кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Количество просмотров: 114