171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, Кыргызстанда дагы 133 медикке кенемте төлөнүп берилет.
«Министрликке кенемте төлөө боюнча жалпы 1 миң 901 документ келип түштү. «171 медикке кенемте төлөнүп берилди. Алардын 147си 200 миң сом өлчөмүндө каражат алса, 24 медкызматкер каза болуп калганына байланыштуу жакындарына 1 млн сом төлөндү», — деп билдирди Үсөнбаев.