• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот таза суу талап кылып камалган эки жаранга кенемте төлөө чечимин чыгарды

6 Жалган куран 202514:13 Бишкек Govori.TV

2023-жылы июль айында Селекцияда суунун тартыштыгына байланыштуу митингге чыгып камалган жарандар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовго сот 500 миң сомдон моралдык чыгым төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жазды.

«Кийинчерээк сот Балбаев менен Бекболотовду күнөөсүз деп тапкан. Анан алар өздөрүнүн конституциялык укугун колдонуп сотко кайрылышкан. Бул сот бийлигинин атынан компенсация берүү аркылуу адам укуктарын калыбына келтирген тарыхый чечим! ал эми Финансы министрлигинин өкүлү жарандардын укугун коргогон саналуу чечимдердин бирин колдогондун ордуна, бул чечим боюнча даттанууну пландап жатканы капалантты»-деген Абдирасулова.

Белгилей кетсек, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов абакта 68 күн отурушкан.

Эске салсак, 2023-жылдын июль айынын башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини милиция ошол эле жылы 15-июлда суракка чакырган. Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган.

Количество просмотров: 309