• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат каза болсо, миллион сомдон кем эмес кенемте төлөнөт

6 Кулжа 2023 18:34 Бишкек Govori.TV

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды.

Жаңы өзгөртүүлөрдө «20 жылдык эмгек акысын кенемте катары берүү» жобосун 20 айлык эмгек акысына азайтуу сунушталган.

Финансы министри Алмазбек Бакетаев кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүнө төлөнүүчү кенемтелердин болжолдуу суммасына токтолду:

Соттор — 1-1,5 миллион сом;

ИИМ кызматкерлери — 2,5 миллион сом;

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер — 1 миллион сом;

Мектеп директору, мугалими — 5-5,5 миллион сом

Дарыгерлер — 5 миллион сом;

Айдоочулар — 1 миллион сом.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу депутат каза болуп калса, канча акча төлөнөрүн сурады. Ага жооп катары Алмаз Бакетаев мамлекеттик кызматкерлерге жана депутаттарга 1 млн сом кенемте берилерин маалымдады.

Количество просмотров: 105