• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек арадагы чырда жабыркагандар 173 адамга жетип, 34ү каза болду

1 Бугу 202119:25 Бишкек Govori.TV

1-май саат 18:30га карата Баткен облусунда чек ара чырынан жабыркагандардын саны 173 адамга жетип, алардын 34ү каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 173 жабырлануучунун ичинен 31и аскер кызматкерлери, 1 медицина кызматкери, 131 жай тургундар, 10 жабырлануучунун өздүгү такталууда.

«7 жаран медициналык жардам алуу үчүн кайрылышып, алардын экөө авбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, денесинен ар түрдүү жарат алган беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын абал орто оор деп бааланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 133