• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Бишкекте күйүүчү май сакталган кампа өрттөнүп жатат

21 Бештин айы 20219:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампада өрт чыкты. Анда күйүүчү май сакталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саат 07:46да өрттү өчүрүүгө Биринчи май райондук №4 өрт өчүрүү бөлүмү киришкен. Андан кийин башка бөлүмдөр тартылган.

Учурда тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алды.

Количество просмотров: 2188