Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулуп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулады. Жыйында айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүдө жоопкерчилик маселесин көтөрүштү.
Өлкөнүн коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутаттардын суроолоруна жооп берди.
«Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Беларусь менен Орусия өлкөсүнүн аскерлери Казакстанга кирди. Биздин жоокерлер дагы даяр. Азыр Камчыбек Кыдыршаевич айткандай, эч кимге эч кандай кепилдик бере албайбыз. Керек болсо ушул жерде отуруп, аман-эсен чыгабызбы же жокпу кепилдик жок. Биз аталган уюмдун келишимине кол койгондон кийин эл аралык деңгээлде өзүбүздүн аброюбузду түшүрбөшүбүз керек. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө катары милдетибизди аткарышыбыз зарыл. Тажикстан дагы даяр экенин билдирди. Кант шаарында эки учак бар, биздин аскерлер ошол жерде чечимди күтүп жатышат”,-деди Бекболотов.