• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Коргоо министри тик учак кырсыгынан жабыркаган аскерлердин абалынан кабар алды 

18 Үчтүн айы 2024 16:03 Бишкек Govori.TV

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов тик учак кырсыгынан жабыркаган аскерлердин абалынан кабар алды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркагандар өз убагында медициналык жардам алышууда.

Министр жабыркагандардын тез сакайып кетүүсү үчүн колдон келген иштердин баары жасаларын айтып, алардын саламаттыгына кам көрүп жаткан ак халатчандарга ыраазычылык билдирди.

Ведомстводон кошумчалашкандай, коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев да күн мурун Бишкектеги ооруканаларда жарыланып жаткан аскерлердин абалынан кабар алган.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

Количество просмотров: 132