• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

21 Бугу 202512:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды.

Парламенттен билдиришкендей, талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына шайлоо үчүн колдоп беришти.

Количество просмотров: 166