• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

18-июнь Киевде аза күтүү күнү деп жарыяланды

17 Кулжа 202518:09 Бишкек Govori.TV

18-июнь Украинанын борбору Киев шаарында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү Орусиянын 17-июнга караган түнкү чабуулунун курмандыктары эскерилет.

Шейшембидеги таңкы чабуулдан каза болгондор саны 16га жетти.

17-июнга караган түнү украин баш калаасы Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылды. Киевде чабуулга турак үй туш болуп, анын бир бөлүгү толук урап түштү.

«Азаттыктын» украин кызматы Киев сааты боюнча 12:00го карата каза тапкандардан тышкары 114 киши жаракат алганын, алардын ичинен 59у ооруканада экенин кабарлаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 159