• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Киевдеги райондук соттун имаратында жарылуу болду

6 Теке 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Киевдеги Шевченковский райондук сотунун имаратында жарылуу болду. Аны камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн сотко алып келинген Игорь Гуменюк жасаганы кабарланды.

Украин басылмалары Гуменюк «Сич» батальонунун жоокери экенин, 2015-жылы августта Жогорку Раданын жанындагы жардырууну ишке ашырууга айыпталганын жазууда. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт болуп, 100дөн ашык киши жараат алган.

Украинанын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, сот отурумунан кийин Гуменюк ажаатканадан качып кетүүгө аракет кылган. Ал коштоп жүргөн жоокерлерди көздөй жарылуучу зат ыргытам деп өзү жарылып өлгөн. Жарылуудан эки жоокер жараат алган.

Количество просмотров: 71