Эртең, 18-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаайт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт;
Ысык-Көл облусу түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус болот.