Кыргызгидрометагенттиги 18-октябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19,
Бийик тоолордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Күн түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градуска чейин ысыйт.