• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

18-октябрдан тарта дагы 30 автобус линияга чыгат

15 Тогуздун айы 2021 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан тарта дагы 30 автобус линияга чыгат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча каттайт.

Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен «Эко жүргүнчүлөр ташуу» компаниясы тарабынан иштелип чыкты.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жеке компаниясына тейлөө үчүн өткөрүлүп берилди.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:

  • № 21-каттам: Биримдик конушу — Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;
  • №46-каттам: Дордой базары — Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;
  • 34-каттам: Шоро фирмасы — Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.
Количество просмотров: 244