• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

18 жаштагы кыз чоң атасын өлтүрдү деп шектелүүдө

15 Чын куран 2019 13:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери аталган дарек боюнча 75 жаштагы адамдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары маркумдун небереси жана сүйлөшкөн жигити кармалган.

Такталган маалыматка ылайык, жигити экөө чоң атасыныкына ууруга кирип кармалып калышкан. Карыя ууруларды көрүп калгандыктан, алар чоң атасын өлтүрүп койгондугу айтылууда.

Количество просмотров: 10