Бүгүн 19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Басымдуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…15;
Баткен,Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13;
Бийик тоолуу райондордо болсо түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градуска чейин жогорулайт.
Ал эми Бишкек шаарында 19-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градус болот.