Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган 9 коомдук тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлдү.
Мурда берилген эскертүүлөргө карабай, санитардык ченемдерди бузууну уланткан объекттердин ишмердүүлүгү 15-июлда токтотулду.
Райондук администрация калктын ден соолугун коргоо жана санитардык тартипти камсыздоо боюнча текшерүүлөр мындан ары да уланарын билдирди.