«Бишкек – Балыкчы» поезди 19-июлдан тарта 31-августка чейин күн сайын каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын билдиришти.
Поезд таңкы саат 7де Бишкек-1 станциясынан жөнөп, Рыбачье станциясына 11:59да жетет. Ошол эле күнү Рыбачье станциясынан 17:15 мүнөттө чыгып, Бишкек-1 станциясына 22:03тө келет.
Жол кире чоң кишилерге 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 34 сом, ал эми 5 жашка чейинки балдарга акысыз (1 чоң кишиге 1 бала).
Учурда поезд Балыкчыга жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттоодо.